Журналист Семетей Талас уулу сурактан чыкты

Журналист Семетей Талас уулу сурактан чыкты.

"Эч кандай корко турган нерсе жок. Постуңа бийликти сындап жазат экенсиңер дегендей пикирлер айтылган жок. Мыйзам чегинде иш кылышты деп ойлойм. Эч кандай саясий буюртма жок. Күбө катары чакырылдым. Бир иш боюнча иликтөө болуп жатыптыр. Айтпай туруңуз деп суранышты", - деди Семетей Талас уулу.

Буга чейин журналист, жарандык активист Семетей Талас уулун күч органдарынын кызматкерлери кармап кеткени кабарланган.

Өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен Семетей Талас уулунун кармалганын тастыктап, себебин айтышкан.

"Экстремисттик материалдарды жайылтуу" беренеси менен ачылган кылмыш ишинин алкагында бүгүн, 18-февралда Семетей Талас уулу кармалып, УКМКга жеткирилди. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат", - дешти комитеттен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан