Бүгүн, 18-февралда журналист, жарандык активист Семетей Талас уулу кармалгандыгы боюнча түшүндүрмө берди.
Айтымында, аны күч органдары Фейсбуктагы билдирүүнү бөлүшкөндүгү үчүн кармап кеткен.
"Бул жерге мени күбө катары чакырышыптыр. Бир сааттан ашык сурак берип чыктым. Тергөөнүн жүрүшүндө башка маалымат бербеңиз дешти, мен да бербөөгө кол койдум. Бул жерде саясий бир өңүт жок деп ойлойм. Фейсбуктагы бир постту бөлүшкөнүмдүн негизинде күбө катары чакырылып, көрсөтмө бердим. Эч кандай басым кылышкан жок. Саясат туурасында сүйлөшкөн жокпуз.
Бүгүн эртең менен үйүмдөн адабий китептеримдин ичинен тогуз диний китепти жана уюлдук телефондорду алып кетишти. Ал китептер негизи муфтияттын уруксаты менен чыккан китептер болчу, тыюу салынган китептер эмес. Корко турган эч нерсе жок. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Күбөгө жактоочу кереги жок дешти, азыр жактоочуга муктаждыгым жок. Эч кандай мыйзам бузуулар болгон жок.
Буга чейин мен туура эмес нерселерди сындап келгем. Кайсы саясатчы болбосун жакшы жактарын да айтам. Мындан кийин дагы жакпаган нерселер болсо жаза берем, анын маселеси жок", - деди ал УКМКнын имаратынан чыккандан кийин.
Эске салсак, буга чейин журналист, жарандык активист Семетей Талас уулун күч органдарынын кызматкерлери кармап кеткени кабарланган.
Ал эми өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдиргендей, бүгүн, 18-февралда "Экстремисттик материалдарды жайылтуу" беренеси менен ачылган кылмыш ишинин алкагында Семетей Талас уулу кармалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.