Бишкекте менчик клиника жайгашкан имарат төрөт үйүнө кайтарылат

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектеги №2 клиникалык төрөт үйүнө барды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

"Пандемия башталгандан бери аталган клиника COVID-19 вирусу менен ооругандарды кабыл алуу үчүн оорукана катары иштеп келген. Ал эми 16-февралдан тарта эпидемиологиялык абалдын турукташканына байланыштуу "кызыл зонадан" чыгып, санитардык тазалоодон кийин аялдарды кадимки режимде кабыл алуу жанданды.

Буга чейин менчик клиника жайгашкан имарат кайрадан төрөт үйүнө кайтарылат. Бул ооруканада гинекологиялык жана амбулатордук-диагностикалык бөлүм ачууну пландап жатышат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gulina00
2022-02-18 17:14:31
Жакшы иштеп атат,буттан тартпай колдоп турушса экен.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан