"Бишкекасфальтсервис" муниципиалдык ишканасынын кызматкерлери шаардын багбандары менен биргеликте бак-дарактарды цементтен бошотуу иштерин улантышууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тротуардын жээгинде өскөн бактардын тегерегин бошотуу иштери жүрүп жатат. Свердлов районунда иштер толук бүткөрүлүп, ал эми Ленин районунда 130дан ашык, жалпысынан 250 дарак цементтен бошотулду.
Ошондой эле борбордо 800 дарак жардамга муктаж экени жана ушул жазга чейин бардык дарактарды цементтен бошотуу иши бүткөрүлөрү айтылат.