"13 жашар кызды өгөй атасы зордуктап, 6 айлык боюнда бар". Таласта аялынын арызы менен күйөөсү камакка алынды

Таласта 13 жашар кызын өгөй атасы зордуктаганын айтып аял милицияга арыз жазды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-февраль күнү Кара-Буура РИИБине 40 жаштагы А.Н. аттуу аял арыз менен кайрылган. Анда биринчи никеден төрөлгөн 13 жашар кызын учурда чогуу жашап жаткан күйөөсү күч колдонуу менен зордуктап, анын кесепетинен кызы 26 жумалык боюнда бар экенин билдирген.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган.
Ал аялдын 45 жаштагы күйөөсү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө кызматы тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nina.alex
2022-02-18 17:43:19
Секелек кызы бар аялдар куйоого тийбей эле коцгулачы. Котунор курттап атса дагы. Азыр огой эмес,Оз атасына ишенбей турган заман
+7
Gulina00
2022-02-18 17:59:08
Башы жок аялын зордой бербейби ит.Бычып салса ушуга окшогондорду.
+8
Abdizhapar
2022-02-18 19:28:43
Бул да ошол куйоосунун айланасындагы аял да эртен эле кайра тосмо арыз жазып чыгат
+6
ainura220888
2022-02-18 19:52:47
Ошондон нары чыгарбай олтуруп салсын шумшукту
+5
al-abu-kinesz
2022-02-18 20:34:00
Педофилдик жердигине карабайт. Жалан Оштон чыгат ушундайлар деп жанды кашайтчулар билип алгыла.
-3
Belek1710
2022-02-18 20:37:53
al-abu-kinesz,Бөлүнбөгүлө Кыргызым, айбандар айбандыгын кылат бардык жерде', өз жазасын алсын айбан тосмо арыз жазса дагы!
+2
modem4999
2022-02-18 22:32:51
Ушундай жанылыктарды чыгарбай койсонор болбойбу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан