Милициянын мыкты кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды

Милициянын мыкты кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-февралда Ички иштер министрлигинин коллегиясынын отурумунда өткөн жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы чыгарылды. Анын жүрүшүндө министр Улан Ниязбеков “Кесиби боюнча мыкты” эсептелген кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды.

Аталган иш-чара ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатуу, кызматтык тартипти бекемдөө, мыйзамдуулукту сактоо менен өз кызматына болгон шыктануусун күчөтүү максатында өткөрүлүп келет. Ошондой эле ар бир кызматкердин демилгесин, активдүүлүгүн, жоопкерчилигин жогорулатып, кесиптик чеберчилигин көтөрүүгө шарт түзөт.
Ал бул сынакта жыл жыйынтыгы менен мыкты жыйынтыктарды көрсөткөн кызматкерлер жеңүүчү болгон.

Анда төмөнкү номинациялар көрсөтүлгөн:

ИИМдин Ички аскерлеринин мыкты кызматкери» - 714 аскер бөлүгүнүн командиринин орун басары, майор Байшериев Ринат Рахатбекович;
«ИИМдин Кылмыш иликтөө кызматынын мыкты ыйгарым укуктуу опер кызматкери» -Бишкек шаарынын Ленин районунун кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук лейтенанты Абдисали уулу Чынгыз;
«Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын мыкты ыйгарым укуктуу опер кызматкери» - Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыгынын уюшкан баңгилик топторго каршы аракеттенүү бөлүмүнүн подполковниги Эргешов Нурлан Дженмурзаевич;
«ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын мыкты ыйгарым укуктуу оперкызматкери» - Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын капитаны Бакытбеков Темирлан Бакытбекович;
«ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мыкты милиционери» - Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Жалал-Абад шаарынын ички иштер бөлүмүнүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кенже инспектору, Абдрахманов Мойдунбек Абсаматович;
«ИИМдин Күзөт кызматынын мыкты кызматкери» - Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Ленин районунун Күзөт бөлүмүнүн кармоо тобунун милиционери, милициянын старшинасы Олжобай уулу Залкарбек;
- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалистикалык кызматынын мыкты кызматкери» - Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын криминалистикалык кызматынын инспектор-криминалисти, милициянын майору Шаршенов Кайрат Жолдошович;
«Кыргыз Республикасынын ИИМдин Атайын багыттагы полкунун мыкты милиционери» - Кыргыз Республикасынын ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 1-батальонунун 1-ротасынын старшинасы, милициянын прапорщиги Иманбеков Тилек Буланович;
- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Атайын операциялар отрядынын мыкты күжүрмөн кызматкери» - Кыргыз Республикасынын ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 1-батальонунун Бишкек шаары боюнча Атайын операциялар отрядынын кенже ыйгарым укуктуу оперкызматкер-жоокери, милициянын старшинасы Курманбек уулу Жеңишбек;
- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын мыкты милициянын участкалык уполномоченныйы» - Жалал-Абад шаарынын ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматынын милициянын участкалык уполномоченныйы, милициянын майору Бабаев Кубанычбек Журабаевич;
- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Милициянын кайгуул күзөт кызматынын мыкты милиционери» - Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын Милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын милиционери, милициянын старшинасы Курманбек уулу Талгат;
- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин иши боюнча мыкты участкалык инспектору» - Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн № 5 Шаардык милиция бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин иши боюнча инспекциясынын участкалык инспектору, милициянын лейтенанты Жолдошов Нурланбек Апсатарович;
- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Ыкчам чара көрүү борборунун мыкты оперативдик нөөмөтчүсү» - Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын Коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүмүнүн оперативдик нөөмөтчүсү, милициянын капитаны Нурматов Бекмырза Абдисаттарович;
- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын мыкты тергөөчүсү» - Чүй облусунун Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн Тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты Жаназаков Кутмидин Абдималикович.
Жогоруда аталган кызматкерлердин бардыгы сыйлык лента, атайын вымпел жана ИИМдин кол сааты менен сыйланышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан