Баткенде УКМК кызматкерине пара берип жаткан аткезчи кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунун аймагында аткезчилик менен алектенип келген Н.Б.А. аттуу Кыргыз жараны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерине 50 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан учурда кармалган. Ал аны Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасы аркылуу контрабандалык жүктөрдү ай сайын тоскоолдуксуз алып өтүү үчүн УКМКнын кызматкерине берүүгө аракет кылган.