Окуучулар беш нөөмөт менен окуп келген Орок айылында жаңы мектеп ишке кирди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айылындагы орто мектептин салтанаттуу ачылышына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Орок айылындагы орто мектепте окуучулардын саны 1000ден ашуун болгондуктан, окуу беш нөөмөттө жүргүзүлүп келгендигин билдирди.

"Мектептин жаңы имараты эки кабаттан туруп, 500 окуучуга ылайыкталган, эми балдар эки нөөмөттө окутулат. Бул ийримдердин жана кошумча сабактардын санын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет", - дейт министр.

Өз кезегинде министрлер кабинетинин төрагасы бул мектептин пайдаланууга берилиши менен жакын жайгашкан башка билим берүү мекемелеринин жүктөмү кескин түрдө кыскарганын белгиледи.

"Билим берүү тутуму олуттуу реформаларга муктаж, реформалар ушул мектептен башталсын. Мен окуучуларга кайрылгым келет - тилдерди, табигый илимдерди, IT технологияларды үйрөнгүлө, жаңы нерселерди билүүгө умтулуп, изденгиле, көбүрөөк китеп окугула. Азыр адамдын келечегин билим аныктай турган учур. Өлкөбүздүн келечеги силердин колуңарда", - деди Акылбек Жапаров.

Андан соң курулган мектеп имаратын көрүп чыгып, 1-класстын окуучулары үчүн ачык сабакка катышты.

"Биринчи мугалимдеримдин аттары азыркыга чейин эсимде жана аларга мектептеги жаркын элестер үчүн терең ыраазымын", - деп кошумчалады Акылбек Жапаров.

Акылбек Жапаров жалпы катышуучуларга окуудагы ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан