Кадамжай жана Жумгал райондорунда 100 жакыр үй-бүлөгө жардам иретинде 100 миң сомдон берилет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Кадамжай жана Жумгал райондорунда 100 аз камыз үй-бүлөгө жардам берүү максатында социалдык контракт боюнча пилоттук долбоор баштады. Долбоордун алкагында аз камcыз болгон үй-бүлөлөргө 100 миң сом өлчөмүндө акчалай жардам көрсөтүлөт.
Мындан тышкары долбоордо каржылык сабаттуулук боюнча окутуу, бизнес-план түзүүдө жардам берүү, кесиптик окутуулар, социалдык кызматтар жана бизнести ийгиликтүү алып кетүүгө багытталган окутуулар камтылган.