Сокулукта жол тандабас унаа эки мектеп окуучусун сүзүп кетти

Сокулукта жол тандабас унаа эки мектеп окуучусун сүзүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-февраль күнү саат 07:20 чамаларында Сокулук айылынын Фрунзе көчөсү менен батыштан чыгышты көздөй бара жаткан Тойота-Ленд Крузер 100 үлгүсүндөгү жол тандабастын айдоочусу жолдун жээгинен 15 жаштагы эки кызды сүзүп окуя болгон жерден кетип калган.

"Тойота-Ленд Крузер100 үлгүсүндөгү унаа аныкталып, айып аянтчага токтотулуп, тергөө кызматына тапшырылды. Жөө жүргүнчүлөр аймактык ооруканага жаткырылды. Бул окуя Сокулук РИИБине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Күбөлөрдүн айтымында, айдоочу мектеп окуучуларын сүзгөндө, алар учуп барып кичи автобустун астында калышкан.

Сокулук
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mister-XXX
2022-02-19 14:16:31
Бул Ленд Крузер эмес Спринтер го...
+1
Rusbayastan
2022-02-19 15:16:55
Mister-XXX,Учуп барып кичи автобустун астына ирип кеткен деп жатпайбы кичи автобус эмес грузовой спринтер деп жазбайсынарбы.
0
Datka7777
2022-02-19 15:55:43
Орус мектепте окуган журналист окшойт, Сокулукту «Сакулук», деп жазганына караганда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан