Сокулукта унаа коюп кеткен окуучу кыздардын бири жандандыруу бөлүмүндө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аймактык оорукананын дарыгери Венера Китаева билдирди.
"Кыздардын биринин абалы орточо оор. Учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Алдын ала коюлган диагноз менен баш мээси чайкалган, оң буту сынган. Денеси тытылып жана көгөргөн. Экинчи кыз травматология бөлүмүндө жатат. Анын жамбаш сөөгү жылышып кеткен. Абалы туруктуу" - деди ал.
Эскерте кетсек, 18-февралда Сокулукта эки окуучу кызды унаа сүзүп кеткени маалым болгон.