Ош шаарында көмүскө бизнести ачыкка чыгаруу иштери күчөтүлөт

Ошто контролдук-кассалык машиналарды киргизүү, салык процедураларын фискалдаштыруу, салык көзөмөлүн күчөтүү боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлөт. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 18-февралда Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгында 2021-жылын жыйынтыгы боюнча жыйын болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев катышып, Ош шаарынын мэриясы менен салык кызматынын ортосундагы негизги милдеттерди ишке ашырууда салык чогултуу жана бюджетти толтуруу маанилүү фактор экенин белгиледи.

Жыйында Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Рахманберди Аданов 2021-жылга аткарылган иштердин жыйынтыгы жана 2022-жылга пландар тууралуу маалымат берди. Ошондой эле салык чогултууну санариптештирүү тутумдарына, анын ичинде заманбап контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүүгө, көмүскө экономикага каршы турууга, жергиликтүү бюджетке салык чогултууну көбөйтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан сырткары Жунусбаев жаңыдан кабыл алынган Салык кодексине ылайык, ишкердик чөйрөсүндөгү өзгөрүп жаткан шарттарда салык системасы боюнча түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүү керектигин баса белгиледи.

"Эң приоритеттүү багыттардын бири болуп калк менен эсеп жүргүзүүдө жана кызмат көрсөтүүдө ар бир чарба жүргүзүүчү субъекттин контролдук-кассалык машиналарды колдонуусун стимулдаштыруу аркылуу ачык-айкын атаандаштык рынокту түзүү маселеси саналат. Тактап айтканда, шаардын базарларында иштеген ишкерлерге кассалык машиналарды колдонуунун тартибин жана эрежелерин кеңири түшүндүрүү зарыл", - деди Жунусбаев.

Жыйындын аягында салык кызматкерлерине төмөнкү багыттар боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди:

- жаңыдан кабыл алынган Салык кодекси боюнча ишкерлерге активдүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

- калк менен эсеп жүргүзүүдө контролдук-кассалык машиналарды колдонууга өткөрүү боюнча иштерди жүргүзүү;

- чарба субъекттеринде санариптик жайылтууну толук аяктоо;

- көмүскө бизнести ачыкка чыгаруу;

- салык жол-жоболорун фискалдаштыруу;

- электрондук кызматтарды колдонууну кеңейтүү;

- салык отчётун электрондук түрдө тапшырган салык төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүү;

- салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды кыскартуу;

- эсеп-фактураларды универсалдуу милдеттүү түрдө колдонууну киргизүү;

- салык көзөмөлүн жүргүзүүчү рейддерди жана башка иш-чараларды жүргүзүү.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында салык кызматынын өзгөчөлөнгөн кызматкерлери Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан