Өткөн жылы Ош шаарында 1 миллиард 100 миллион сом салык чогулду

Өткөн жылы Ош шаарында 1 миллиард 100 миллион сом салык чогулду. Бул тууралуу Салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын жыйынында вице-мэр Сонунбек Жунусбаев билдирди.

Кечээ, 18-февралда Салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгында 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча жыйын өттү. Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев катышып, Ош шаарынын мэриясы менен салык кызматынын ортосундагы негизги милдеттерди ишке ашырууда салык чогултуу жана бюджетти толтуруу маанилүү фактор экенин белгиледи.

"Быйыл салык кызматынын алдында маанилүү милдеттер турат. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча, Салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан 1 миллиард 186,2 миллион сом салык жыйналып, план 101,6 пайызга аткарылганын көрсөтүүдө. Учурдан пайдаланып, Салык кызматынын жалпы жамаатына ыраазычылык билдирем. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу маселелеринде Салык кызматынын бүтүндөй эмгек жамаатынын эмгеги зор. Быйыл жаңы кабыл алынган Салык кодексинин үстүндө иш башталды, анда Салык кызматына бир катар ыйгарым укуктар берилген. Ошол эле учурда шаардык Салык кызматы быйылкы жылы жергиликтүү бюджетке 1 миллиард 370 миллион сом өлчөмүндө салык чогултуу планын койгон. Буга байланыштуу шаардын бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча тиешелүү иштерди күчөтүү зарыл", - деп белгиледи вице-мэр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан