Соңку суткада коронавирустан 2 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, соңку суткада коронавирустан 2 адам каза болду.
Ошондой эле 35 адамдан илдет аныкталган. Анын ичинде Бишкек шаарында 19, Ош шаарында 5, Чүй облусунда 7, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 3 адамдан илдет табылган.
Муну менен катар 142 бейтап оорудан сакайып үйлөрүнө чыккан.
Пандемия башталгандан бери жалпы 200 322 Кыргыз жараны илдетке чалдыгып, анын ичинен 194 099 адам илдеттен айыккан.
Жалпы 2 944 Кыргыз жараны коронавирус оорусунун курмандыгы болду.