Өлкөдө өзгөчө кырдаал режими уланууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
"Коронавирус пандемиясына байланыштуу өкмөттүн 2020-жылдын 22-мартындагы токтому менен өлкөнүн бүткүл аймагында киргизилген өзгөчө кырдаал режими ишин улантууда.
Өзгөчө кырдаал режими алынды деген маалыматтар чындыкка дал келбейт", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, өзгөчө кырдаал режими өлкө аймагына киргенде өзгөчө тартиптер болот. Карантин болгон аймактан сыртка чыкпоо, өздүк гигиенаны сактоо, турак жайларды дезинфекциялоо, санитардык эрежелерди аткаруу талаптары коюлат. Жарандардын бир жерден экинчи жерге баруусу кыскартылат. Бул коронавирусту жайылтпоого кылган аракеттин негизинде чыккан чечим.