Эми Баткенде кызмат өтөгөн аскерлердин бир айлык кызматы эки ай катары эсептелет

Баткендеги аскерлердин бир айлык кызматы эки ай катары эсептелет. Бул тууралуу Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин көчмө жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдын май айынан баштап чек арачылардын жана аскер кызматкерлердин айлык маянасы дээрлик 50-70 пайызга чейин жогорулатылган.

"Биз бир катар өнөр жай ишканаларынын иши менен таанышып, күндүн экинчи жарымында эки аскер бөлүгүн кыдырып, аскердик формаларды жана техникаларды көрүп чыктык. Чындыгында, 2021-жыл кыргыз армиясы үчүн катуу соккулардын жылы болду. Ошол эле учурда кескин өзгөрүүлөр да орун алды. Ушул жылдын январь айынан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Жаза аткаруу кызматынын Коопсуздук жана коштоо департаментинин кызматкерлеринин айлык маяналары 50-70 пайызга чейин көтөрүлдү.

Жыйынтыгында бардык күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын айлыгын теңдештирүүгө жетиштик. Бюджеттик каражаттардын эсебинен заманбап аскер техникасы жана аскердик форма сатылып алынды. Ошондой эле Баткендеги бир айлык кызматы эки ай катары эсептелсин деген чечим кабыл алынды", - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан