Депутат Бактыбек Чойбеков Бишкектеги конуштарда билим берүү мекемелери жетишсиз экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
"Борбор калаада, өзгөчө конуштарда билим берүү мекемелери жетишсиз болуп жатат. Буга өзгөчө көңүл буруу керек", - деди эл өкүлү.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев быйылкы жылы 15 мектеп, 1 бала бакча куруларын айтты. “2022-жылы Бишкек шаарындагы төрт мектеп кошумча имараттарды куруунун эсебинен кеңейтилет”, - деди.
Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде Бишкек шаарындагы жол-транспорт жана курулуш тармагына тиешелүү маселелелер боюнча калаа башчысынын маалыматы талкууланды.