Бишкек менин сүйүктүү шаарым! Менин балалыгым, өспүрүм курагым бул шаар менен тыгыз байланышта. Аны чын дилимден жашоо үчүн ыңгайлуу, жайлуу шаар кылгым келет. Бул үчүн идеяларым, каалоом, иш тажрыйбам, бюджеттин кандай бөлүштүрүлөрү, аны кантип үнөмдүү иштетүү, анын ичинде шаардык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча түшүнүктөрүм жетиштүү.
Эң башкысы – жашоонун сапаттуу, ыңгайлуу шарттары норма болуп калуусу кажет! Бишкектин ар бир тургуну жакшы жашоого татыктуу.
Жылдардын өтүшү менен биздин шаарыбыз кеңейип баратат. Жаңы конуштар көбөйүп, көп батирлүү кварталдар массалык түрдө курулуп жатат. Мунун баары жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, жарандарды турак жай менен эле камсыздабай, ошол эле убакта пикир келишпестиктерди, ыңгайсыздыктарды да жаратууда. Мисалы, коммуналдык тармактарга ашыкча күч келип, короолордун, сейил бактардын, унаа токтоочу жайлардын, балдар жана кары-картаңдар эс алуучу зоналардын аймагы кыскарып жатат.
Шаардын башкы планы көп жылдар бою жашыруун сакталып келген. Азыр гана аны ачыктоо чечими кабыл алынды. Бирок шаарды өнүктүрүү долбоорлору боюнча калктын пикирин ар тараптуу изилдеген эч ким жок. Долбоорлордун өзүн да эч ким көргөн эмес.
Шайлоо өнөктүгү учурунда мен тургундар менен ондогон жолугушууларды өткөрдүм. 2000ден ашык сунуш-пикирлерди чогулттум. Алардын көбү шаарлардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө тиешелүү.
Мисалы, конуштарда газификация маселеси абдан курч бойдон турат. Сыртта 21-кылым, а биздин жашоочулар үйүн дагы деле көмүр, отун менен жылытышат. Кээ бир аткаминерлер мындай үй ээлерине айып пул салууга аракет кылып жатышат. Менимче бул туура эмес. Мындай кадам менен биз кырдаалды жеңе албайбыз. Тескерисинче, элдин нааразычылыгы күчөйт. Бул абалдан чыгуу үчүн газификациялоо долбоорлорун пландап, элге жарыялап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эл менен макулдашып, жеңилдетилген тартипте газ түтүктөрүн тартуу программасын, бөлүп төлөө системасын ишке киргизишибиз керек.
Дагы бир орчундуу жагдай, бул жол жана тротуар маселеси. Азыр шаардын борбордук бөлүгүнө жакын же болбосо ыңгайлуу жана арзаныраак жерлерди гана оңдоп жатышат. Ал эми шаардын айланасындагы жаңы конуштун жашоочулары, айрыкча балдары бар ата-энелер өтүгү менен ылай кечип мектепке жана бала бакчага барышат. Оңдоо иштерин пландаштыруу графигин жашоочулар менен макулдашуу зарыл. Анткени ар бир адам өз көчөсүндөгү оңдоо иштери качан болорун жана кандай сапатта оңдолорун түшүнүшү зарыл.
Жаңы конуштар Бишкектин чети эмес, шаардын бир бөлүгү. Ошондуктан жүргүнчүлөрдү ташуучу маршруттук каттамдардын системасы борборубуздун бардык булуң-бурчтарын эсепке алууга тийиш. Транспорт схемалары калктын пикирин эске алуу менен пландаштырылып, жаңы курулган кварталдар аркылуу каттамдар түзүлүшү керек.
Бала бакча менен мектептердин жетишсиздиги шаардагы негизги көйгөйлөрдүн бири. Муну куруу иштери өтө чоң капиталдык салымдарды талап кылат. Ошондуктан лицензия алууну жөнөкөйлөштүрүү жана балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн социалдык ишкерлер үчүн салык жүгүн жеңилдетүү, жеке менчик мектептердин системасын өнүктүрүү, бул иш менен алектенүүнү каалагандарга жардам берүү зарыл.
Канализация, суу менен камсыздоо, таштандыларды чыгаруу жана кайра иштетүү, шаардагы кыймылдын жана жашоонун коопсуздугу, жерди мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү санап отурсаң толтура.
Көп кабаттуу үйлөрдүн көйгөйлөрү жеке сектордун көйгөйлөрүнөн айырмаланып турат.
Атап айтсак, короолорду жашылдандыруу, балдар аянтчаларын куруу, жашоочуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү жаңы турак жай комплекстеринде гана жүргүзүлөт. Ал эми эски турак жайлардын жашоочулары унутта калышты. Акыркы 10 жылдан бери шаардыктарга эч ким келип, короосунан эмне көргүсү келерин сураган жок. Балдар аянтчасы, жаңы отургучтар, унаа токтотуучу жай, жаңы дарактар же башка нерселер эч кимди кызыктырбай калган.
Андыктан, жаңы формада турак жай кодексин кабыл алып, капиталдык ремонттоонун нормаларын жана мамилелерин кайрадан карап чыгып бекитүү зарыл. Имараттардын жана коммуналдык тармактардын эскиришине комплекстүү баа берип, каражаттарды пландаштырып, капиталдык оңдоо фондун түзүп, анын топтолушун жана чыгымдалышын көзөмөлдөп, келечектеги жаңыланууларды эске алуу менен кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерин кабыл алууга мезгил келди.
Автоунаалардын санынын өсүшү унаа токтотуучу жайларда, жолдордо, тротуарларда көйгөйлөрдү жаратууда.
Көчөлөрдү жарыктандыруу жана инфраструктуранын абалы, мамылар, тармактар тууралуу өзүнчө көп сөз бар. Асманды карасаң ышты, бак-дарактардан, зымдардан желе көрөсүң. Шаар электр жарыгынын жетишсиздигинен эмес, тийиштүү тармактагы кызмат адамдарынын жумуштарды туура эмес жүргүзүп, пландай албай жаткандыгынан жапа чегип жатат.
Бишкек келечектин шаары боло алат. Санариптик технологияларды – мектепке электрондук кабыл алууну, дарыгерлерге электрондук кезекти, мамлекеттик тейлөөлөрдү дистанциялык форматта алууну киргизүү зарыл. Тургундар менен шаардык, мамлекеттик бийлик ортосундагы ортомчуларды алып салсак, көптөгөн көйгөйлөр жоюлат. Заманбап реалдуулукту эске алуу менен санариптештирүү боюнча мыйзамды өркүндөтүү зарыл.
Менин баамымда, Кыргызстандагы көйгөйлөрдүн көбү туура эмес пландаштыруудан келип чыккан. Перспективдүү келечек 10-20 жылга алдын эсептелет. Ал эми аткаминерлер болсо өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп, бүгүнкү күн менен жашап, өлкөнү, кийинки муундарды ойлошпойт.
Парламентке бара жатканымдын себеби, шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө карата жасалган мындай жеңил-желпи, кайдыгер мамилени өзгөртүү.
Менин максатым – жаштардын Бишкекте, Кыргызстанда калууга умтулуусун камсыз кылуу. Алардын иштеген иши, жакшы маянасы эле эмес, жашоосу да ыңгайлуу жана жайлуу болушу керек. Ал үчүн, балдар аянтчалары, спорт аянтчалары, сейил бактары, скверлери, жакшы жолдору, сапаттуу тротуарлары, бордюрлар талаптагыдай курулушу маанилүү.
Бардык муундагы Бишкектиктер жакшы жашоого татыктуу. Буга жетишүү үчүн мыкты долбоорлорду демилгелеп, мамлекеттик каржылоонун өлчөмүн көбөйтүп, сапаттуу пландаштыруу керектелет. Мен буга толук ишенем.
«Эл! Акыйкат! Тартип!» – бул ураан эмес. Бул шаарды курууда жана жакшыртууда ийгиликке жетүү үчүн жөнөкөй жана эффективдүү аксиома.
КРнын Жогорку Кеңешине талапкер Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековнанын буюртмасы боюнча «super.kg порталы» тарабынан 2022-жылдын 22-февралында чыгарылды, дареги: Бишкек шаары, Турусбеков 109/1 Талапкердин шайлоо фондунан каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кулжанова Д.К. тарабынан төлөндү.