Бишкектин мэри былтыркы жылы 4,5 миң бак отургузулганын айтты

Бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңештин комитетинде Бишкек шаарындагы жол-транспорт жана курулуш тармагына тиешелүү маселелер боюнча калаа башчысынын маалыматы талкууланды.

Депутат Алишер Козуев Бишкек шаарынын экологиясын жана таза абасын сактоонун маанилүүлүгүнө токтолду. Ошондой эле бак-дарактарды отургузуу жана жашылдандыруу боюнча пландалган иш-чараларга кызыкты. Өз кезегинде калаа башчысы 2021-жылы 4,5 миң бак отургузулганын, быйылкы жылы тигилген көчөттөрдүн санын 10 эсеге чейин көбөйтүү мерчемделип жатканын маалымдады. Мындан тышкары 5 скверди жакшыртуу пландалып жатканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2022-02-22 18:13:24
Эсеп менен 4,500 болсо ага жок дегенде 1000ди коштунар. Анан 3500 бактын жарымы куурады ошондо 1000 шт калыптыр да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан