Жазаларды аткаруу кызматы чыныгы эр азаматтардын урматына чоң салтанат уюштурду

Жазаларды аткаруу кызматы чыныгы эр азаматтардын урматына чоң салтанат уюштурду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ата Мекенди коргоочулар күнүн утурлай Жазаларды аткаруу кызматында салтанаттуу иш-чара болуп, бир катар кызматкерлер сыйланды. Жыйындын катышуучуларына ЖАКнын төрагасы Аскат Эгембердиев куттуктоо сөзү менен кайрылды. Ал кесиптештерин ушул атактуу дата менен чын жүрөктөн куттуктап, аларга турмушта жана кызматта эң жакшы каалоолорду айтты.

Андан соң Жаза аткаруу тутумунда үзүрлүү иштери үчүн бир катар инсандар салтанаттуу түрдө сыйланышты. Тактап айтканда, ведомстволук грамоталар, «Устат», «Кайрат», «Чоро» медалдары менен сыйланды. Кийин майрамдык концерт башталып, «Ордо Сахна» этнографиялык ансамблинин жана Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын артисттери ыр-бий менен көрүүчүлөрдүн көңүлүн көтөрдү.

Ошондой эле, ЖАКнын кызматкерлери, эр-азаматтарга жылуу куттуктоолор айтылып, кесиптештер арасында тематикалык интеллектуалдык викторина өткөрүлдү, өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге түрдүү кызыктуу номинациялар боюнча сыйлыктар ыйгарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан