"Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик мекемеси мурдагы "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна курула турган административдик борбордун сынакка түшкөн эскиздерин көрсөттү.
Сынак 2021-жылдын 20-декабрында министрлер кабинетинин төрагасы менен болгон жыйындын протоколуна ылайык, "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна курула турган административдик борборго сынак жарыяланган.
Сынактын катышуучулары тарабынан 26 долбоор келип түшкөн. Калыстар тобу үч долбоорду аныкташкан. Бул долбоорлор кароого жөнөтүлүп, анын негизинде сынактын жеңүүчүсү аныкталат. Жеңүүчүгө долбоорду ишке ашыруу укугу берилет.
Кошумчалай кетсек, бул үч долбоордун тең авторлору 500 миң сомдон алышат. Дагы эки долбоор кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болору белгилүү болду.