Жогорку Кеңеште мугалимдерди мазактагандарды жоопкерчиликке тартуу боюнча мыйзам долбоору сунушталды. Бул мыйзам долбоору парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлду.
Демилгечилер депутат Мирлан Самыйкожо менен Аманкан Кенжебаев.
Мыйзам долбоору педагогикалык кызматкерлерге карата мазактоо, жаман сөздөр, адепсиз жүрүм-турум, кордоп тийишүү жана адепсиз жаңсоолорду, нерселерди көрсөтүү түрүндө билдирилген сыйлабаган мамиле үчүн жоопкерчиликти белгилөө максатында иштелип чыккан.
"Мыйзам долбоорунда окуучу же ата-эне (мыйзамдуу өкүл) – билим берүү мамилелеринин катышуучусу тарабынан жасалган, педагогикалык кызматкердин кесиптик ишине тоскоолдук кылуу менен байланышкан, кылмыштын белгилерин камтыбаган, педагогикалык кызматкерге карата сыйлабастык мамиле (мазактоо, жаман сөздөр, адепсиз жаңсоолорду көрсөтүү жана башка) 3000 сом (12 жаштан 16 жашка чейинки жашы жете элек адам тарабынан жасалган учурда 2000 сом) өлчөмүндө айып пул менен жазаланат, укук бузуу кайталанса 5000 сом өлчөмүндө айып пул же 3 суткадан 5 суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алуу (12 жаштан 16 жашка чейинки жашы жете элек адам тарабынан жасалса 4000 сом) менен жазаланат. Мындай санкциялар жашы жете элек окуучунун ата-энесинин бирине же эгерде ал эрезеге жеткен болсо, окуучунун өзүнө же ошого жараша тарбиялык мамилелердин катышуучусу болгон башка адамга колдонулат.
Ошол эле учурда педагогикалык кызматкерлерине карата сыйлабастык көрсөтүлгөн факты боюнча укук бузуулар тууралуу ишти кароо, ошондой эле айып чараларын колдонуу ички иштер органдарына жүктөлөт", - деп жазылат маалыматта.