Депутат Бишкектин райондорун кыргыз тилин эске алуу менен атоону сунуштады

Депутат Айбек Алтынбеков Бишкектин райондорун кыргыз тилин эске алуу менен атоону сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

"Бишкек шаарында 4 район бар. Аталыштарына көңүл буруп жатасыздарбы? Нукура кыргыз тилинде атасак кандай болот?" - деп сурады депутат.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бул боюнча бир нече сунуштар бар экенин айтты. "Бир нече сунуштар түшкөн. Аларды кароо тартиби бар. Сунуштар кирип жатат", - деди мэр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
zilish_kg
2022-02-22 20:58:36
Эң туура!
+4
portugalia
2022-02-22 21:04:54
Туура айтыптыр
+4
oscar
2022-02-22 21:27:59
Октябрь районунун мурунку аты Төкөлдөш болучу, кайра тарыхый атын койсун
+2
Birimdik5555
2022-02-23 01:38:55
Ошто да коп жерлердин атын кыргызча озгортсо жакшы болмок
+3
KaGaH
2022-02-23 01:57:38
Көк мээ депутат
-5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан