"Баткенде бардык тармактар сыяктуу эле билим берүү дагы приоритеттүү тармактардын бири болот", - деп билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев бүгүн, 22-февралда социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Ал көчмө жыйынга катышканын айтты.
"Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Баткен облусунда жүргүзүлүп жаткан жаңы өнүгүү долбоорлору менен кайрадан таанышып чыктым. Долбоорлордун масштабы келечекке үмүт байлатты. Буюрса, Баткен облусунда бардык тармактар сыяктуу эле билим берүү дагы приоритеттүү тармактардын бири болот.
Иш сапардын алкагында Кадамжай районунун Жаш-Тилек орто мектебине, Баткен районунун Ак-Турпак орто мектебине, Ош шаарынын Курманжан Датка атындагы №31 мектебине жана Кара-Суу районунун Орунбай Курбанбаев атындагы мектебине барып, билим берүү уюмдарындагы материалдык-техникалык, финансылык-чарбалык маселелер, билим берүү жаатындагы көйгөйлөр менен тааныштым. Көйгөйлөр көп, министрлик алардын үстүндө тынымсыз иштейт", - деп жазды Бейшеналиев.