Пандемияга байланыштуу өлкө аймагына киргизилген өзгөчө кырдаал режими жоюла элек, күчүндө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу өкмөттүн 2020-жылдын 22-мартындагы чечими менен Кыргыз Республикасынын аймагында киргизилген өзгөчө кырдаал режими күчүндө.
“Өзгөчө кырдаалдар режиминин алынып салынгандыгы тууралуу маалымат чындыкка жатпайт”, - деп айтылат маалыматта.