Биз социалдык тармакта

"Жарык өчүшү мүмкүн!". Энергохолдинг элге кайрылуу жасады

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү азайып кеткендигине байланыштуу Улуттук энергохолдинг калкты электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырды.

Билдирүүдө кечээ, 22-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 400 миллион метр куб көрсөткүчкө чейин азайып кеткени, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 миллиард 500 миллион метр кубга аз экени белгиленди.

"Электр энергиясын керектөөнүн андан ары өсүшү Токтогул суу сактагычында суунун азайышына жана керектөөчүлөрдүн өчүрүлүшүнө алып келиши мүмкүн. Буга байланыштуу Улуттук энергохолдинг калкты дагы бир жолу энергетика тармагындагы түзүлгөн кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга жана электр энергиясын керектөөгө кам көрүүгө чакырат", - деп жазылат билдирүүдө.

Жалпысынан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн өлкөгө 6-8 миллиард куб метр суу керектелет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
med1983
2022-02-23 17:52:28
Оллуп сатып атсанар керек, жалган айтып.
+14
Usmanbekali
2022-02-23 19:35:27
Туура түшүнүш керек, сууну сатып ким эле ушундай кырдаал жараткысы келсин....Суу чынында эле азайды...
-4
karapayim
2022-02-23 23:51:47
Usmanbekali, сен бокту билесинби э далбаеб!!! Ушул маалга чейин мындай болгон эмес. Саиканы анык
+5
Taku.14.02
2022-02-24 01:12:13
karapayim,кокмээ токтогул эле эмес суу агып чыкпаган ысыккол 10 15 метр жылып кетти суу аздыгынан кичинекей токтогулду айтасын.
Агород суугарганга суу келбей калды тоодон
-2
Zhoro
2022-02-23 20:46:11
Агып чыккан суунун бир бөлүгүн чоң насос менен суу сактагычка кайра куйса...?
+13
stal.ks
2022-02-24 07:59:52
Zhoro,аны куюш учун насосго электр энергия керек да
-2
Taku.14.02
2022-02-24 01:13:20
Бакиев президент болуп турганда кундо 2 сааттан эле куйуп калды элего
-4
munira-tilen
2022-02-24 11:17:06
Taku.14.02,ушинтип еле жалган суйлой бересинерби 12:00
6:00чейин оччу еле
+2
Antiradikal10
2022-02-24 14:06:55
Бийликте отургандарга мин мертебе наалат. Сууну сатып элди кыйнаган акмактар!!!

Сууну сатканы уже факт, кандай бурмалап айтышса да.

Элдин жыргалчылыгынан оз кызыкчылыктарын, оз чонтокторун жогору койгон акмактар юийлик башында тургандар!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан