Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын 10128 аскер бөлүгүндө ачык эшиктер күнү өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Аталган иш-чарага Жогорку Кеңештин "Элдик" депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев жана топтун мүчөсү Тазабек Икрамов катышты. Депутаттар бөлүктөгү аскерлерди Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап, алдынкы аскер кызматкерлерине Ардак грамоталарды тапшырышты. Муну менен катар жоокерлерге түзүлгөн шарттар жана күжүрмөн кызмат үчүн жасалган жагдайлар менен таанышты.
Аземдин алкагында жоокерлер кармашып урушуу ыкмаларын көрсөтүп, курал-жарактардын да көрсөтмөсү өттү.