Белгилүү журналист Абдувахаб Мониев каза болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Фейсбук баракчасына жазды.
“Абдувахаб Мониевдин эртелеп бул дүйнөдөн кеткени жаман иш болду. “Асаба”, “Агымдагы” салмактуу аналитикалык макалаларды жазган саналуу журналисттердин бири эле. Байлык, бийликке умтулбаган жупуну, таза, баёо, ошол эле кезде абдан терең, кенен киши болчу. Жаткан жери жайлуу болсун", - деп жазган депутат.