Тышкы иштер министрлиги Украинадагы кыргыздарга мыйзамдарды, эрежелерди сактоону сунуштады

Тышкы иштер министрлиги Украинадагы акыркы кырдаалга байланыштуу мекендештерге келген өлкөнүн мыйзамдарын жана тийиштүү эрежелерин сактап, жеке коопсуздук боюнча бардык чараларды көрүүнү сунуштайт.

Тышкы саясий ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашкандай, учурда Кыргыз өлкөсүнүн элчилиги Украинанын аймагындагы Кыргыз жарандары менен тыгыз байланышта. Мекендештерге тийиштүү түшүндүрмөлөр берилүүдө. Дипломатиялык өкүлчүлүк штаттык тартипте иштеп жатат.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинде жана Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы элчилигинде консулдук-укуктук жана башка консультацияларды берүү үчүн ыкчам байланыш телефондору иштөөдө.

Украинадагы элчилик:
+380997573413;
+380442370346;
+380442370348.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти:
+996 551 312 000 - ыкчам чалуулар;
+996 703 428 865;
+996 709 983 465;
+996 554 065 215.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан