Бүгүн, 24-февраль күнү таңга маал Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаал күрчуду. Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусия Украинага масштабдуу басып кирүүсүн баштаганын билдирген.
Аталган өлкөдөгү мекендештердин абалын билүү үчүн Украинадагы Кыргыз жарандарынын диаспорасын түптөгөн жеке ишкер, Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы соода өнөр жай палатасынын өкүлү Азамат Исмаиловду сөзгө тарттык.
- Айтсаңыз, азыркы учурда Украинанын аймагында канча Кыргыз жараны бар?
- Азыркы тапта Украинада 1000ге чукул Кыргыз жараны бар. Анын ичинде башка улут, бирок Кыргыз жарандыгы менен жүргөндөр көп. Киев шаарында 300 Кыргыз жараны турат.
- Өзүңүз канча жылдан бери Украинада жашап, эмгектенип келесиз?
- Өзүм бул жакта 15 жылдан бери жашап, ишкерлик менен алектенем. Андан сырткары Украинадагы кыргыз диаспорасынын негиздөөчүсүмүн, Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы соода өнөр жай палатасынын өкүлүмүн.
- Учурда Украинада абал курчуду. Социалдык тармакта Киевди таштап кетип жаткан жарандардын видеолору тарап жатат. Биздин мекендештер дагы өлкөдөн чыгып кетүү боюнча аракеттерин көрүп жатабы?
- Учурда Украинада абал бир аз жакшы эмес. Орусиянын Украинага болгон түнкү кол салуусунан кийин элде чоң дүрбөлөң пайда болду. Киев шаарында көпчүлүк эл чет өлкөгө чыгып кетебиз деп аракет кылып, үйлөрүн таштап, унаалары менен жолго чыгышты. Сиздер айтып жаткан социалдык тармактагы кабарлар ушундан улам пайда болду.
Киев шаарында атышуу же жардыруу болгон жок. Элдин дүрбөлөңү буга түрткү болуп жатат окшойт. Бул жакта жашаган мекендештерибизди үйдөн чыкпагыла деп маалымат таратып жатабыз.
- Украинада жашаган Кыргыз жарандарынын көпчүлүгү эмне менен алектенишчү эле?
- Мекендештердин көпчүлүгү соода-сатык тармагында эмгектенишет.
- Учурдагы кырдаалга байланыштуу Киевдеги Кыргыз өлкөсүнүн элчилиги кандай иш-аракеттерди көрүп жатат?
- Биз элчилик менен тыгыз байланышта иштешебиз. Алар дагы маалымат таратып жатышат. Диаспорадагы бардык тааныган адамдарга жекече маалымат берүүдөбүз. Учурда Украинанын аймагында өзгөчө абал жарыяланды. Ошондуктан учактардын каттамы токтоду. Биз азыркы кезде кыла турчу негизги ишибиз - үйдө отуруп, бир мөөнөттү күтүп туруу.
- Аталган өлкөдөгү абал тууралуу кабарларды окуп, угуп отуруп мекендештерибиз дүрбөлөңгө түшүп жатышабы?
- Жарандарыбыздын арасында дүрбөлөңгө түшүү болгон жок. Биз дагы мекендештерибизге дүрбөлөңгө түшпөгүлө деп айтып жатабыз.
- Украинадан Кыргыз өлкөсүнө импорт болгон товарлардын түрлөрү, көлөмү боюнча маалымат бере аласызбы?
- Жогоруда айтып кеткендей Украина менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосунда соода жүгүртүү 2014-жылга чейин 103 миллион болчу. Андан кийин кескин түрдө, тагыраагы 70 пайыз түшүп кетип, акыркы 4-5 жылда бизде соода катнашыбыз көбөйө баштаган болчу. Учурда жаралган абал канчалык таасир берет билбейм.
Украинадан Кыргыз өлкөсүнө таттуулар (конфеттер), мебелдер, курулуш материалдары, тоңдурулган тоок жана башка товарлар импорт болчу.
Ал эми Кыргыз өлкөсүнөн Украинага тамеки, кургатылган жемиштер экспорттолчу.
- Маек үчүн ыраазычылык билдиребиз!