Бүгүн, 24-февралда "Ала-Тоо" аянтына Бишкек гарнизонунун аскерлери чогулду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аянтка Бишкек гарнизонунун аскерлери 3-мартта боло турган мамлекеттик желектин 30 жылдыгына карата иш-чарага даярдык көрүү максатында чогулушкан.