Орусия мигранттарды медициналык текшерүүдөн өткөрүү тартибин өзгөрттү

Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги милдеттүү медициналык текшерүүдөн өткөрүү тартибин өзгөрттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эми медициналык текшерүүдөн өткөндүгү тууралуу сертификат 1 жылга чейин жарактуу болот. "Ошондой эле чет өлкөлүк жарандардын буга чейин медициналык-профилактикалык кароодон өткөндүгү туурасындагы медициналык документтери да эске алынат. Ал эми 13 жашка чейинки балдар үчүн баңгизат жана психотроптук заттарды аныктоо боюнча текшерүүлөр жүргүзүлбөйт. Ошондой эле жугуштуу оорулардын катарындагы коронавируска каршы медициналык текшерүүдөн өткөрүү талабы алып салынды. Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча жаңы тартип ушул жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bosmos77777
2022-02-24 19:04:33
Бир жолу эле алып салбайбы??? Убара кылбай! Сахаровасын коргум жжоок!!!
+7
Aimani
2022-02-24 21:53:49
Ушуга да шугур
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан