Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 23-февралда кар көчкүдө калган жарандарды издөө иши жүрүп жаткан жерге барды. Бул тууралуу ал аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ал каза болгон Кыргыз жаранынын жакындарына кезигип, көңүл айтуу менен маркумдун сөөгүн табууга болгон күч-аракет жумшаларын айтты жана ага ылайык кечиктирилгис түрдө аткарыла турган бир катар тапшырмалар коюлду.
Такталган маалыматка ылайык, тоо боорунан 17 жолу майда, 8 ирет чоң көлөмдөгү кар көчкү түшкөндүктөн ныкталып калган. Туннелдин түндүк тарабындагы изделип жаткан 3 адамды басып калган кардын көлөмү 1 миллион 500 миң метр кубду түзөт.
Министр Бообек Ажикеев: “Жакынкы күндөрү издөө ишин жүргүзүү үчүн кар көчкүнү рентген съемка кыла турган жабдыгы менен Орусиядан атайын адистер келери күтүлүп жатат. Ошондой эле Гидрометеорология кызматынын берген божомолуна ылайык, күн ачык болгону менен мындай учурда кар эрип, кайра кайталап көчкү түшүү коркунучу бар экендигин эскертип жатышат.
Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолдогу туннелдин түштүк тарабына курулуш иши бүтө электигине байланыштуу карды тазалоого техника кирүүгө мүмкүн эмес болуп турат. Ал эми туннелдин түндүк жагында карды тазалоо иши дагы да болсо уланууда. Жол ачылары менен дагы 5 эксковатор тартылып, жарандарды болушунча тез убакыт аралыгында табуу пландалып жатат”, – деп билдирди.
Учурда түшкөн кардын бийиктиги 40 метр, айрым жери 60 метрге чейин жетет. Ага карабастан куткаруучулар 30-40 метрден ашкан тереңдикке түшүп, өмүрүн тобокелдикке салуу менен издөө ишин жүргүзүүдө.
Кырсык орун алган аймакта жарандарды издөө ишин министрликтин кызматкерлери окуя орун алган күндөн бери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Жеринде 58 куткаруучу, атайын үйрөтүлгөн иттер менен темир издөөчү каражат менен 2 адис иш алып барууда жана жалпы 8 техника, тагырагы 5 эсковатор, 1 бульдозер, грейдер жана 2 унаа жүктөгүч тартылган.
Маалым болгондой, ушул жылдын 14-февраль күнү Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунунун 332-чакырымында (Көк-Арт ашуусу) тоннелдин түндүк тарабы жана болжол менен 338-чакырымында тоннелдин түштүк тарабына кар көчкү түшүп, “Чайна роуд” ишканасынын 4 кызматкерин басып калган. Алар аталган аймакта жол куруу иши менен алектенип жатышкан.