Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Беларустун премьер-министри Роман Головченко менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Министрлер кабинетинин башчысы 2020-жылга салыштырмалуу 2021-жылы өз ара байланыштардагы жана эки тараптуу соода динамикасындагы оң көрүнүштөрдү белгиледи.
“Өткөн жылдагы өз ара товар жүгүртүү дээрлик 72 миллион долларды түзүп, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 50 пайызга жогорулаган. Бул көрсөткүчтөр интеграциялык бирикмеге кирген биздин мамлекеттердин ортосунда орун алган потенциалга жооп бербейт. Менин пикиримде, соода жүгүртүүнү жогорулатууга умтулуубуз керек", - деди ал.
Беларустун премьер-министри Роман Головченко өз кезегинде эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары карай чыңдоого, анын ичинде айыл чарба техникасын, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу транспортун жеткирүүгө даярдыгын билдирди.
Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулады. Мындан тышкары ушул жылдын март айында Бишкек шаарында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча Кыргыз-Беларус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынын өткөрүү сунушталды.