Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен 2 бейтап көз жумду. Мындай маалымат Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.
Жазылган маалыматка ылайык, каза болгон бейтаптардын бирөө Бишкек шаарында, бирөө Чүйдө катталды. Алар вакцина алышкан эмес.
Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2952 кишини түздү.