Өлкөдө 4 миллион дозадан көп коронавируска каршы вакцина бар. Бул тууралуу маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
"2021-жылы өлкөгө 6 миллион 167 миң 200 доза вакцина алып келинди. Анын ичинен 1 миллион 428 миң дозасы COVAX механизмдин алкагында келген.
2 миллион 280 миң 200 доза вакцина гуманитардык жардам катары, ал эми 2 миллион 460 миң доза вакцина бюджеттен сатып алынды.
Бүгүнкү күндө 2 миллион 700 миң 500 доза вакцина колдонулду. Кампаларда запаста 4 миллион 700 миң 800 доза вакцина бар", - деп билдирди Акматова.