Бишкекте курулушу бүтө элек көп кабаттуу турак үйдөн боюн таштамакчы болгон 39 жаштагы жаран куткарылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өз жанын кыюуга аракет көргөн жаран сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жерге түшкөн.
"24-февралда Байтик-Баатыр-Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулушу бүтө элек көп кабаттуу турак үйдөн 1983-жылы туулган К.А. аттуу эркек киши секирип өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Жерине 5 куткаруучу, милиция кызматкерлери жана "Тез жардам" кызматынын кызматкерлери тартылган. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында эркек киши жерге түшүрүлдү", - дешти маалымат кызматынан.
Эске салсак, 2021-жылы дал ушул имараттан 22 жаштагы Мунарбек Ташкулов боюн таштап каза болгон.