Биз социалдык тармакта

Алтынбек Сулаймановдун ордуна ким мандат алары белгилүү болду

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов 24-февралда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Анын ордуна ким мандат алары Борбордук шайлоо комиссиясына кабарлашканыбызда белгилүү болду.

БШКнын маалыматына караганда, мандатты Эмил Жамгырчиев алат.

Эске салсак, Эмил Жамгырчиев менен Бактыбек Калмуратов 2020-жылдын 19-октябрында УКМК тарабынан кармалган. Алар аткезчилик боюнча козголгон кылмыш ишин оң жагына чечкени үчүн ишкерден пара алган деп айыпталган. 2021-жылы мамлекетке келтирилген 20 миллион сом зыян төлөнгөн.

2021-жылы ноябрда Биринчи Май райондук соту тарабынан жоюлуп кеткен Финпол кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиев акталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jaka1978
2022-02-25 22:11:56
Жегичтер эле кармалып,акталып,кайра депутат болуп...атан горууук
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан