Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө каза болгон жарандын аты-жөнүн аныктоого милиция кызматкерлери жардам сурайт

Ысык-Көлдө каза болгон жарандын аты-жөнүн аныктоого милиция кызматкерлери жардам сурайт. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, маркумдун жансыз денеси 23-февралда аныкталган.

"Чолпон-Ата шаарынын тоолуу аймагындагы телевышканын жанында теги европалык болгон белгисиз эркек адамдын жансыз денеси табылды. Анын денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, криминалдык тактар аныкталган жок. Маркумдун аты-жөнүн аныктоого Ысык-Көл РИИБи жардам сурайт", - дешет милициядан.

Өзгөчө белгилери: болжол менен 25-30 жашта, бою 168-170 сантиметр, арык, көздөрү күрөң, каштары кара, чачы кыска жана сары түскө боёлгон.

Кийген кийими: кара түстөгү кыска күрмө, кара-көк түстөгү шым, ак көйнөк, кара түстөгү спорттук бут кийим.

Эгерде сүрөттөгү жаран тууралуу маалымат билгендер болсо, кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш номерлери: 0502106767, 0709203087 же 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан