Акылбек Жапаров Казакстандын президенти менен жолугушууга катышты

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Нур-Султан шаарында (Казакстан Республикасы) өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын катышуучулары – өкмөт башчылар менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууга ушул жылы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешине төрагалык кылган министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

Жыйындын катышуучулары евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык процесстерди мындан ары карай чыңдоо жана өнүктүрүү, талаш маселелерди четтетүү, кооперацияны күчтөндүрүү жана уюмга мүчө өлкөлөрдүн пандемиядан кийинки мезгилдеги экономикасын калыбына келтирүү зарылдыгы маселесин кеңири талкуулады.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасына ушул жылы Биримдик органдарында ийгиликтүү төрагалык кылуусун каалады.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргыз Республикасы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешине, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешине жана Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине төрагалык кылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан