Кийинки аптада "Коопсуз шаар" боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
"Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабынын тендерин өткөрүүнүн мыйзамдуулугун, ошондой эле “Вега” радиокуруу концерни” акционердик коому тарабынан ушул долбоорду ишке ашыруунун сапатын жана шарттарын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.
Депутаттык комиссиянын корутундусу 2-мартта каралат.