Пандемия шартында экономикалык туруктуулукту камсыздоо маселелери талкууланды

Бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңештин колдоосу менен Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясы жана Фридрих Эберт фонду биргелешип “Пандемиядан кийинки мезгилде экономиканын өсүшүн турукташтыруудагы чакан жана орто бизнестин инновациялык активдүүлүгү” аталышындагы тегерек стол өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Чолпон Султанбекова, Фарходбек Алимжанов, Айсара Абдибаева катышты. Ошондой эле тиешелүү бийлик жетекчилери, эл аралык уюмдардын, жарандык жана бизнес коомчулуктун өкүлдөрү болду.

Жыйында сөз сүйлөгөн ТүркПАнын башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр иш-чаранын маанилүүлүгүнө токтолду. “Тегерек стол келечектеги жемиштүү кызматташтыктын негизин түзөрүнө ишенем. ТүркПА уюмга мүчө мамлекеттердин тарыхый, маданий, социалдык, экономикалык алакасын арттыруу менен катар ар тараптуу байланыштарды өнүктүрүүгө кызыкдар”, – деди ал.

Ал эми Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, депутат Чолпон Султанбекова пандемияга байланыштуу түзүлгөн өзгөчө кырдаал маалында социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыздоо багытында бир катар иш-чаралар жүргүзүлгөнүн айтып, чакан жана орто бизнести сактап калууга, калкты тиешелүү жөлөк пулдар менен камсыздоого, айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор тууралуу сөз кылды.

Ошондой эле депутат Фарходбек Алимжанов пандемия маалында кызмат көрсөтүү, тейлөө жана жеңил өнөр-жай тармактары жабыркаганын жүйө келтирип, аларды калыбына келтирүүдө бизнес коомчулугунун жана эл аралык уюмдардын салымы чоң болгонун кошумчалады.

Талкуу маалында мындан аркы жагдайды жөнгө салууга багыттаган сунуштар айтылып, келип чыккан көйгөйлөрдү чечүү маселелери сөз болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан