Украинадагы кырдаал: Министр кыргыздарды эвакуациялоо үчүн Германия менен Франциядан "жашыл коридор" сурады

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Германиянын Кыргыз жергесиндеги элчиси Габриэла Геллил жана Франциянын элчиси Франсуа Делаус менен жолугушту. Жолугушуу Германия менен Франциянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын демилгеси менен өттү дешет тышкы саясий ведомстводон.
"Тараптар Украинадагы учурдагы кырдаалды талкуулашып, Германия менен Франциянын элчилери бул маселе боюнча өздөрүнүн өлкөлөрүнүн позицияларын билдиришти.
Руслан Казакбаев Тышкы иштер министрлиги Украинадагы Кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча активдүү иш жүргүзүп жатканын билдирди. Украинанын аба мейкиндигинин жабылышын эске алган министр европалык кесиптештеринен Кыргыз жарандары үчүн Украинага коңшулаш Европа өлкөлөрү аркылуу "жашыл коридор" түзүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү өтүндү.
Мындан тышкары дипломаттар эки тараптуу жана эл аралык форматтардагы кыргыз-герман жана кыргыз-француз кызматташтыгынын маселелерин талкуулашты", - дешти министрликтен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
sirgak_92
2022-02-26 10:58:59
Ой жиндилер.Казактар эчак чыгарып кетти жарандарын.Силер жалдырап жүргөнчө согуш бүткөнү калды го.Таз таранганча той тарайт болуп жүрө бергиле 300 жаранынды коргой албай
+2
Belek1710
2022-02-26 11:27:40
Чыгарып эмне кылат эми дүрбөлөңгө салып, кайдагы согуш, Кудай сактасын согуштан, эртерээк чыгып кетишсе болмок эле өздөрү эле каадаланбай.
+2
sirgak_92
2022-02-26 12:55:00
Belek1710,кантип чыгабыз???жолдун баары солдаттар эч Жака кетирбей кармап атса польшага отолу десек алыс
+2
Baiaman997
2022-02-26 13:22:09
2020 жыл эле жакшы болчу экен, карантин болсода зато тынч эле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан