Бүгүн, 26-февралда саат 8:00дөн тарта Биринчи Май жана Свердлов округдарында шайлоо алдындагы "жымжырт күн" башталды.
Мыйзамга ылайык, бул күнү үгүт иштерин жүргүзүүгө, интернет баракчаларга үгүт материалдарды жайгаштырууга тыюу салынат. Эгер кандайдыр бир үгүттөө иштери байкала турган болсо, талапкер шайлоодон четтетилет.
Мындан тышкары, БШКдан каттоодон өткөн теле, радио, интернет-сайттар, гезит-журналдар аркылуу үгүт материалдарын жарыялоого тыюу салынат. Ушундай эле максатта эл чогултууга дагы болбойт.
Добуш берүү 27-февралда аталган эки округда эртең саат 8:00дө башталып, кечки 20:00дө аяктайт. Эки округ боюнча жалпы 120 шайлоо тилкеси уюштурулган.