Кытай Орусиядан мунай экспорттоону убактылуу токтотту

Кытай компаниялары Орусиядан мунай экспорттоону убактылуу токтотту. Бул тууралуу элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кытайлык соодагерлер жана мунай иштетүүчүлөр Орусиянын Украинадагы аскерий операциясынын фонунда батыш банктары мунай келишимдерин каржылоо эрежелерин кайра карап чыгышы үчүн тыныгуу алышкан. Сатып алуулар товарларды каржылоо жана төлөмдөр боюнча тактык болмоюнча токтотулат. Көйгөйлөр Орусияга каршы жаңы санкцияларга ылайык, айрым банктар орусиялык мунай сатып алуучуларга аккредитив ачуудан баш тартып жатканына байланыштуу болгон. Кытай компаниялары мунайзаттарды жеткирүү үчүн төлөмдөрдүн көбөйүшүнө же төлөмдөрдү жүргүзүүдө кыйынчылыктарга туш болгулары келбестигин белгилеген.

Эскерте кетсек, 24-февраль күнү таңга маал Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаал курчуган. Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусия Украинага масштабдуу басып кирүүсүн баштаганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bekalife
2022-02-26 13:51:34
Бизде бензин арзандайт экенда анда
+5
alinsan
2022-02-26 14:16:04
bekalife,ошентсе экен
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан