ЖЫЛНААМА: "Жылмайган жаңгак", "бактылуу жаңгак", "жашыл алтын" аталган мисте тууралуу кызыктар

26-февраль - Мистенин эл аралык күнү

Байлык жана ийгилик чакырат

Мистенин даамын адам баласы биздин эрага чейин 7000 жыл мурун эле таткан. Ирандыктар мистени оозу ачык болгондуктан "жылмайган жаңгак", кытайлыктар "бактылуу жаңгак" дешсе, кыргыздар "жашыл алтын" деп аташат. Түркия дүйнө элинин тең жарымынан көбүн мисте менен камсыздап келет. Калифорнияга эксперимент катары тигилген мистенин жашыл бадам сорту эң баалуу деп эсептелинет. Эл арасында "Мистени баалуу идишке салып үйгө коюп койсоң, ал байлык жана ийгилик чакырат. Ал эми анын эки данын кызыл жибекке ороп, көздөн далдоо жерге койсо бакыт алып келет" деген ишенимдер жашайт.

Мисте дарагы эркек, ургаачы болуп бөлүнөт

Мисте бийиктиги 4-10 метрге чейин жеткен, 3-4 жылда бир жолу мөмө берүүчү, кургакчылыкка чыдамдуу дарак. Орто эсеп менен 700 жылга чейин жашайт. Мисте дарагы эркек, ургаачы болуп бөлүнөт. Эркек дарагынын түшүмдүүлүгү ургаачысыныкына караганда алда канча аз. Мөмөсү кудум жүзүмдүн шиңгилиндей, ак, саргыч, күлгүн түстө болот. Орто эсеп менен бир бай түп мисте 5-10 килограммга чейин суу мөмө берет. Даны ачык жана туюк болот. Бүгүнкү күндө мисте өлкөнүн Аксы, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Лейлек, Баткен, Өзгөн райондорунда жана Бишкек шаарынын Чоң-Арык айылында өстүрүлүп келет. Бул да болсо эсил кайран СССР доорунун кыргыз жергесине калтырып кеткен эстелиги. Анткени Союз учурунда Кыргыз өлкөсүнүн токойлорун өнүктүрүү демилгеси көтөрүлүп, бир топ мисте көчөттөрү отургузулуп, мисте токойлору негизделген.
Мисте - жашоонун булагы
Чыгыш өлкөлөрүндө мистени бекеринен "жашоонун багы" деп аташпайт. Анткени мисте башка дандарга караганда баалуу витаминдерге, углеводдорго бай болгондуктан көп ооруларга даба болуп келет. Жүрөктүн, мээнин жана кан тамырлардын иштешин жакшыртат. Стресстен арылтат. Кандагы холестеринди азайтат. Көңүл айланууну басып, табитти ачат. Өзгөчө кош бойлуу айымдар талгак болгондо пайдасы зор. Күн сайын мисте жеп жүрсөңүз, өпкө рагынын алдын алган болосуз. Кургак учук, аз кандуулук, ашказан жана боор ооруларына, тукумсуздукка даба. Мистенин чайыры тишти бекемдөөгө, ал эми майы жарааттарды айыктырууда миңдин бири. Эскертүү: Мистени күнүнө 15-20 дандан ашык жебегенге аракет кылыңыз. Өлчөмүнөн ашырсаңыз, ал көңүл айланууну жаратат.
26-февралдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан