Соңку 2 күн ичинде валюта рыногундагы баалар жасалма түрдө көтөрүлгөн. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев бүгүн, 26-февралда маалымат жыйында айтты.
Айтымында, Улуттук банк доллардын курсунун көтөрүлүшүнө байланыштуу дүрбөлөңдү токтотуу максатында курсту кармап туруу үчүн 13 миллион долларга интервенция жасады.
"Валюта курсу жасалма түрдө көтөрүлгөн. Бүгүнкү күндө рынокто чет элдик валютанын таңсыктыгы байкалбайт. Өкмөт менен Улуттук банктын алтын-валюта резерви жарым жылга жакын убакытта экспорттук-импорттук операцияларды камсыз кылуу үчүн жетиштүү. Биз валюталарды эркин конвертациялай алабыз", - деп кошумчалады министр.