Бүгүн, 26-февралда президент Садыр Жапаров менен Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүштү.
Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, өлкө лидерлери кыргыз-орус кызматташтыгынын учурда күн тартибинде турган актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле Садыр Жапаров менен Владимир Путин эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелери, анын ичинде Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча пикир алышты.