Жалал-Абадда кар көчкү басып калган Кытай жаранынын жансыз денеси бүгүн, 26-февралда саат 15:30да табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, кар көчкү түшкөн аймакта дагы 2 Кытай жараны дайынсыз болууда.
Маалым болгондой, жансыз денеси табылган кытайлык жумушчунун аты-жөнү такталууда. Учурда 2 Кытай жаранын издөө иш-чаралары жана тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Буга чейин кар көчкүнүн алдында калган 24 жаштагы Кыргыз жаранынын жансыз денеси
табылган.
Эскерте кетсек, 14-февралда Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунунун 332 жана 338-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшүп, жол куруу ишин жүргүзүп жаткан "Чайна Роуд" ишканасынын 4 кызматкерин, унааларды кар көчкү басып калган.