Казакстанда январь окуяларына байланыштуу кармалып, кийин бошотулган музыкант Викрам Рузахунов көрсөтмө берүү үчүн коңшу өлкөгө чакыртылды. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасына жазып чыкты.
"Казакстандын Коррупцияга каршы кызматы Алматыга менин катышуумда тергөө амалдарын жүргүзүүгө чакыруу жөнөттү. Мен башында кескин түрдө баш тарттым. Анткени башымдан өткөргөн оор жана коркунучтуу күндөрдү унута элекмин. Жактоочум Нурбек Токтакунов Казакстандын Коррупцияга каршы кызматынын тергөөчүсү бизге келсин деп сунуштады. Алар телефондон жооп берип жатып, тергөө үчүн мен өзүм камалган жерди, мени алып келген имаратты, мени кармаган камераларды көрсөтүп, мени кыйноого алган адамдарды аныкташым керектигин айтышты.
Бул баруу керектигине ынандырды. Жактоочум мени коштоп жүрүүгө макул болду, бирок менин тергөөгө жардам берүү үчүн келгенимди Казакстанда баары эле жакшы кабыл албашына тынчсызданды. Андан сырткары Казакстанда кайрадан баш аламандык башталса, жашообуз коркунучта болот. Ошондуктан биз бир жагынан алып баруу өтүнүчү менен биздин бийликке кайрылсак, экинчи жагынан Коррупцияга каршы кызмат аркылуу казак бийлигинен коопсуздук кепилдигин сураганбыз.
Ошол эле учурда биз Казакстанга шектүүлөрдүн белгилүү чөйрөсү аныкталса гана барарыбызды белгилегенбиз. Болбосо казакстандык тергөөчүлөр өздөрү өлкөгө келип, бул жерден мени суракка алышы мүмкүн", - деди ал.
Буга чейин Казакстандагы телеканалдардын биринде баш аламандыкка катышкандардын бири Кыргыз өлкөсүнөн учуп баргандыгын айткан видео көрсөтүлгөн. Андан соң интернет колдонуучулары видеодогу жаран жаз музыканты Викрам Рузахунов экендигин жазышкан.
Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги жана ИИМ аталган жарандын кармалышы боюнча жагдайларын тактоого тиешелүү чаралар жүргүзүлүп жатканын билдиришкен. Президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Викрам Рузахуновдун кармалышы боюнча пикирлерин айтышкан.
10-январда музыкант өлкөгө алып келинген.